• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды

Спорт 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды.

Тыныбекова 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты.

Аталган беттеште Тыныбекова польшалык, молдовалык, украиналык жана германиялык балбандарды артта калтырып, финалга өткөн.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, алтын медалга татыды. Айсулуу Тыныбекова буга чейин Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон.

Белгилей кетсек, аталган чемпионатта 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Ошентип, Тыныбекова Олимпиада оюндарына дагы жолдомо алды.

Эскерте кетсек, буга чейин балбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынып, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан. Ал эми бүгүн Акжол Махмудов дагы чемпионаттын финалына чыгып, Олимпиадага лицензия камсыздады.

Пикир

Оставить комментарий