• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө ышкыбоздор арасында триатлон боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бактуу-Дөлөнөтү айылында ышкыбоздор арасында триатлон боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, “Суперспринт” жана “Стандарт” дистанциясы боюнча чемпионатына 200гө жакын адам катышты.

Триатлон боюнча мелдештер Кыргызстанда триатлон, веложарыш спортун кеңири жайылтуу жана андан ары өнүктүрүү, калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу, спорттун велоспортуна адистешкен спортчулардын чеберчилик деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.

Ошондой эле спорттук атаандаштыктын атмосферасын түзүү, спортчуларга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана адилеттүү мелдештүү камсыз кылуу дагы иш-чаранын бирден бир максаты.

Пикир

Оставить комментарий