• 88.68
  • 95
  • 0.95

Футбол боюнча дүйнө биринчилиги-2022: Кыргызстандын тандоо турундагы атаандаштары аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол курамасынын Футбол боюнча дүйнө биринчилиги жана Азия Кубогуна тандоо турундагы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Федерациядан белгилешкендей, ФИФанын 14-июндагы рейтинги боюнча 40 курама бештен 8 топко бөлүнгөн.

Чучукулактын жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы менен бирге F тайпасына Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия түшкөн.

Тандоо туру күз айында башталат.

Белгилей кетсек, Футбол боюнча дүйнө биринчилиги 2022-жылы Катарда, ал эми Азия Кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий