• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Казакстан спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга кол койду

Спорт 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын жана Казакстандын тармактык министрликтеринин ортосунда спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кечээ, 2-мартта Нур-Султан шаарында Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин ортосунда спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Кыргыз тараптан документке маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кол койду.

Макулдашууга ылайык эки өлкөнүн министрликтери төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

• спорттун улуттук түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү, ошондой эле Кыргызстандын жана Казакстандын спорттун улуттук түрлөрүн эл аралык аренага жайылтууда бири-биринин демилгелерин колдоого;

• спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациялар менен ассоциациялардын ортосундагы кызматташтыкты орнотууга, спорттогу эл аралык федерациялардын жана ассоциациялардын иш-аракеттеринин алкагында алардын өз ара аракеттенишине көмөктөшүүгө;

• спорттун улуттук түрлөрүнүн стандарттарын жана эрежелерин өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттерди колдоого;

• спорттук машыктыруучуларды жана спортчуларды даярдоодо, ошондой эле Кыргызстан жана Казакстандын спортун улуттук түрлөрү жана элдик оюндары жаатында адистердин тажрыйба алмашуусуна көмөктөшүүгө;

• Кыргызстан жана Казакстандын турмушундагы маанилүү даталарга жана окуяларга арналган спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды кубаттоого жана жүргүзүүгө жана башка маселелер боюнча.

Пикир

Оставить комментарий