• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Клара Самат Россиядагы мигранттардын балдарын мектепте окутууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылды

Коом 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россия Федерациясынын Агартуу министринин биринчи орун басары Дмитрий Глушко менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-25-февралында Россияга болгон иш-сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу менен байланышкан маселелер, ошондой эле КР менен РФнын ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Атап айтканда, Россиянын агартуу министри С. Кравцовдун 2021-жылдын март айынын экинчи декадасында Кыргызстанга боло турган иш-сапарынын деталдары, Кыргызстандын аймактарында россия мектептерин куруу боюнча пландар, республикада «Чет өлкөлөрдөгү россиялык мугалим» долбоорун андан ары ишке ашыруу, КРнын окуу жайларын окуу куралдар менен камсыздоо талкууланды.

Ошондой эле элчи Клара Самат КРнын жарандарын жана Кыргызстандын Россияда эмгектенип жүргөн мигранттарынын балдарын орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окутууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий