• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Акжол Махмудов Парижде өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо утту

Спорт 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, аны менен бирге Олимпиада оюндарына лицензия утту.

16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.

Махмудов аталган мелдеште норвегиялык, египеттик, өзбекстандык балбандарды утуп, жарым финалга чыккан.

Ал эми жарым финалдык беттеште япониялык спортчу Нао Кусака менен күч сынашып, аны 7:5 эсебинде жеңди.

Эртең, 22-сентябрда өтчү финалдык беттеште Акжол Махмудов азербайджандык Санан Сулейманов менен кез келет. Финал Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында кмш медаль утуп, алгачкылардан болуп 2024-жылы Парижде өтчү Олимпиада оюндарына лицензия утту. Ошондой эле дагы бир кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова дагы финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо алды.

Пикир

Оставить комментарий