• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык бийчилер спорттук бал бий боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык бийчилер Норвегиядагы спорттук бал бийи боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль утуп алды.

Мелдеш 6-8-декабрда Осло шаарында өткөн.

Кыргызстандык жуп Артем Семеренко жана Валерия Качалко чоңдор арасында Латын программасы, WDSF World Open-2019 категориясында катышкан. Аталган категорияда 10 өлкөдөн келген 56 жуп жарышкан.

Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык бийчилер экинчи орун алган.

Пикир

Оставить комментарий