• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров "Медтроник" ири медициналык компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Президент 0


Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн Нью-Йорк шаарында (АКШ) "Медтроник" медициналык компаниясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

"Медтроник" инновациялык иштеп чыгуулар боюнча дүйнөдөгү алдыңкы жана ири медициналык компаниялардын бири, саламаттыкты сактоонун жогорку технологиялары боюнча глобалдык дүйнөлүк лидер, алты негизги медициналык багыт боюнча заманбап эксперттик класстагы медициналык жабдуулардын жана уникалдуу медициналык буюмдардын ири өндүрүүчүсү: жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКТО), анын ичинде курч миокард инфаркты жана жүрөк ритминин бузулушу; кардиохирургия; нейромодуляция; 70тен ашык өнөкөт ооруларды аныктоо жана дарылоо үчүн роботтордун жардамы менен жана жасалма интеллектке негизделген диабет жана хирургиялык навигациялык технологиялар.

Өз ара пайдалуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү, атап айтканда, тажрыйба алмашуу жана медицинада жогорку технологияларды ишке ашыруу жана жайылтуудагы мыкты тажрыйбаларды өткөрүп берүү талкууланды.

Кыргызстанда каза болгондордун 52% ы жүрөк-кан тамыр ооруларына туура келерин эске алуу менен, Садыр Жапаров мамлекеттин стратегиялык милдети - жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарга жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу улуттук системасын түзүү экенин белгиледи.

Бул чаралар мындай оорулардын алдын алууга жана дарылоого, тиешелүү түрдө калк арасында өлүмгө учуроону азайтууга багытталууга тийиш.

Буга байланыштуу Мамлекет башчысы кыргыз тараптын "Медтроник" компаниясы менен дал ушул багытта кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Кызматташтыктын алкагында жүрөк тамырларын стенттөөнүн баасын эселеп кыскартууга мүмкүн болоору белгиленген. Мисалы, азыр стенттөө үчүн бүт шаймандары (комплект) 2-2,5 миң АКШ долларын түзсө, "Медтроник" менен кызматташкан кезде өндүрүүчүнүн заводунан түздөн-түз баасын 400 АКШ долларына чейин түшүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Мындан тышкары, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн дүйнөлүк алдыңкы технологияларды жайылтуу мүмкүн болот.

Президент Саламаттык сактоо министрлигине аталган дүйнөлүк компания менен кызматташуунун деталдарын иштеп чыгууну, практикалык өз ара аракеттенүүнү (Кыргызстанга жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жабдууларды жана керектелүүчү материалдарды жеткирүү) келерки жылдан баштоону тапшырды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына бүгүнкү күндө биринчи этапта жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр кластерин — М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында эксперттик борборду түзүү жөнүндө макулдашуу бар экендиги маалымдалды.

Андан ары ийгиликтүү ишке ашырууда кызматташтыкты кеңейтүү жана өлкөнүн башка региондорунда да ушундай эле кластерди түзүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий