• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү жөнүндө" жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Азыркы учурда өлкөдө энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдаланууга өтүү маселеси курч турат.

Казылып алынуучу отундун түрлөрү (көмүр, мунай, жаратылыш газы) күйүү учурунда атмосферага парниктик таасирдин өсүшүнө жана глобалдык ысып кетүүгө өбөлгө түзүүчү көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат.

Ал эми күн, шамал жана энергиянын башка булактары кирген ЭКБ экологиялык таза, анткени алар иштеген учурда дээрлик калдыктар жок, атмосферага же көлмөлөргө булгоочу заттар чыкпайт, мындан башка казылып алынуучу отунду казып алуу, кайра иштетүү жана ташуу менен байланышкан экологиялык чыгымдар жок. Ушуга байланыштуу ЭКБнын көпчүлүгү жашыл, башкача айтканда айлана-чөйрөнү булгабаган экологиялык таза энергетикага кирет.

Бүгүнкү күндө ЭКБ жогоруда аталган казылып алынуучу отундун түрлөрүнө альтернатива болуп саналат. ЭКБнын отундан көз карандысыздыгы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана электр энергиясына болгон баанын туруктуулугун камсыз кылмак.

Мындан тышкары кайра жаралуучу энергетика ар түрдүү жаратылыш ресурстарына негизделет, бул кайра жаралбоочу булактарды үнөмдөөгө жана аларды экономиканын башка тармактарында пайдаланууга, ошондой эле келечек муундар үчүн экологиялык таза энергияны сактоого мүмкүндүк берет.

Мында көпчүлүк учурларда ЭКБнын базасындагы электр станциялары жеңил автоматташтырылат жана адамдын түздөн-түз катышуусуз иштей алат.

Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, электр энергиясынын тартыштыгын жоюу, өлкөнүн энергиянын кайра жаралбоочу булактарынан көз карандылык деңгээлин азайтуу жана энергияны жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле айлана-чөйрөнү жана адамдын ден соолугун коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

  1. КР Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна белгиленген тартипте ЭКБны пайдалануу үчүн жарактуу жерлерди мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу берилсин.
  1. КР Энергетика министрлиги КР Айыл чарба министрлиги, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бир айлык мөөнөттө ЭКБны пайдалануу үчүн жер участокторун берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин (“бирдиктүү терезе” механизми) аныктаган ченемдик укуктук актыны иштеп чыксын жана бекитсин.
  1. КР Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду:

– КР Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жөнүндө жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

– КР Айыл чарба министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ЭКБны пайдалануу үчүн жарактуу жерлердин санын жана көлөмүн тактоо жана аныктоо боюнча (ар бир айыл өкмөтү боюнча) жумушчу комиссияны түзсүн;

– КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында ЭКБны өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу иштеген жумушчу топту түзсүн;

– ЭКБны өнүктүрүү маселелери боюнча КР Энергетика министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен туруктуу негизде өз ара аракеттенсин.

  1. КР Айыл чарба министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

– пайдалануу эрежелерин бузган учурда КР жер мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ижарачылар менен тиешелүү ижара келишимдерин бузууну, ошондой эле тиешелүү жерлерди алып коюуну камсыз кылсын;

– ЭКБны пайдалануу үчүн жерлерди берүү боюнча ишке көмөк көрсөтсүн.

  1. КР Министрлер Кабинети:

– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

6. Ушул Жарлыктын 2-пунктун аткаруу үчүн жоопкерчилик КР Энергетика министрлигине, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, шаарлардын мэрлерине жүктөлсүн.

Пикир

Оставить комментарий