• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан эли коррупцияга каршы аёосуз күрөштү талап кылууда – Жээнбеков

Президент 0


Бишкек, 08.02.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Кыргызстан эли коррупцияга каршы аёосуз күрөштү талап кылууда Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Жыйынында «Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» маселелери каралууда.

“Мен Кыргызстанды кыдырып, өлкөнүн дээрлик бардык аймагынын эли менен жолугуп чыктым. Кыргызстандыктар коррупция менен күрөш бир гана улануусун талап кылбастан, алар мамлекеттик органдарда иштеген колу таза эмес кызматкерлерди тазалоону талап кылышууда”,-деп билдирди мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле коррупция менен болгон күрөш бир гана укук коргоо органдарында эмес бардык тармактарда жүрүшү керектигин кошумчалады.

“Бул күрөштөгү эң башкы күч – бул мамлекет башчынын саясий эрки! Мен калкка коррупция менен болгон күрөш – менин президенттик ишмердигимдеги башкы багыттардан экендигин айтып, сөз бергенмин. Менде мындай саясий эрк бар жана мен бул күрөшкө даярмын. Мен Кыргызстанга ак дилден кызмат кылууну силерден талап кылам”,-деп баса белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий