• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Мен элге акыйкатсыздык менен күрөшөм деп сөз бергенмин, сөзүмө турам

Президент 0

Бишкек, 08.02.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Коррупция менен болгон күрөштө башкы соккуну укук коргоо жана көзөмөл органдары урушу керек болчу, бирок иш жүзүндө мындай болбой жатат. Мындай бааны аталган орган кызматкерлерине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө берди.

Мамлекет башчы айткан анализге ылайык, акыркы эки жылда укук коргоо органдары тарабына 76 миңден ашуун кылмыш иши козголгон. Алардын болгону 30 миңи сотко жөнөтүлгөн.

“Козголгон кылмыш ишинен болгону кылмышкерлердин 12% камалган. 656 кылмыш иши мыйзамсыз козголгон. Эч ким карапайым калктык, үй-бүлөсүнүн кайгы-капасы, ден-соолугу үчүн жооп берген жок”,-деди Жээнбеков.

“Мени эл тандаган. Мен элге акыйкатсыздык менен күрөшөм деп сөз бергенмин жана өз сөзүмдү кармайм”,-деди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий