• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров «Total Energies Renewables» компаниясынын вице-президенти менен жолугушту

Президент 0


Бишкек, 10.11.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Париж шаарына (Франция Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында «Total Energies Renewables» компаниясынын "жашыл" энергетика боюнча долбоорлорду ишке ашыруу секторунун өкүлү Фабьен Демоль менен жолугушту.

«Total Energies» – француз мунай-газ компаниясы, баш кеңсеси Парижде жайгашкан дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири. Компания дүйнөнүн 130дан ашык өлкөсүндө операцияларды жүргүзөт. Мунай, газ өндүрүү, мунай иштетүү боюнча иш алпарат, май куюучу жай жана химиялык өнөр жай жана башка тармактарда бир катар ишканалары бар, кайра жаралуучу энергия тармагында энергетикага ээ.

Акыркы бир нече жыл аралыгында «Total Energies» компаниясы ЭКБ секторунда (күн энергиясы, шамал энергиясы, гидроэнергетика) бир катар максаттуу долбоорлорду ишке ашыруунун аркасында өндүрүштүк кубаттуулугун кыйла көбөйттү. Компаниянын максаты - 2030-жылга чейин калыбына келүүчү электр энергиясын өндүрүү боюнча орнотулган дүң кубаттуулукту 100 гигаваттка жеткирүү.

Мамлекет башчысы энергетика тармагындагы потенциалдуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн бул мүмкүнчүлүктү канааттануу менен белгиледи.

Компаниянын ишмердүүлүгүн иликтеген Садыр Жапаров кыргыз тарап дүйнөдөгү эң ири мунай-газ компанияларынын бири болгон «Total Energies» менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Атап айтканда, кендерди иштетүү, мунай жана газ өндүрүү, мунайды кайра иштетүү жана синтездөө, химиялык продукциянын кеңири спектрин өндүрүүдө гана эмес, генерациялоочу электр станцияларын куруу боюнча да чоң тажрыйбаны эске алуу керек.

Президент Кыргызстан туруктуу өнүгүү жана өзүнүн энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоо жолунда экенин баса белгилеп, жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды пайдаланууга берүүгө даяр экенин белгиледи. Кыргызстан жакынкы аралыкта көмүртектин бейтараптуулугуна жетишүү жана "жашыл" технологияларды кеңири колдонуу боюнча амбициялуу милдетти коюп жатат. Кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана ишке киргизүү маселелери – суу, күн жана шамал энергиясы алдыңкы планга чыгып, стратегиялык маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

Садыр Жапаров жемиштүү кызматташууга чакырып, Кыргызстанда «Total Energies» компаниясынын филиалын ачууну сунуштады.

Өз кезегинде Фабьен Демоль Кыргызстан менен ЭКБ объектилерин куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетика секторунун адистеринин потенциалын жогорулатуу боюнча жигердүү кызматташуу ниетин белгиледи.

Мындан тышкары, бүгүнкү жолугушуунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашырууга өтүүгө даяр экендигин белгилеп, Фабьен Демоль Кыргызстанга белгиленген максаттарды дыкат иштеп чыгуу үчүн техникалык адистерден турган эксперттик топ жиберилерин билдирди.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Total Energies Renewables SA» компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий