• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров «Бир планета» саммитинде мөңгүлөрдү сактап калууда аракеттерди бириктирүүгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 10.11.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Париж шаарына иш сапарынын алкагында «Бир планета саммити» Жогорку деңгээлдеги сегментинде катышуучуларды мөңгүлөрдү сактап калуу жолдорун издөө боюнча аракеттерди бириктирүүгө жана суу ресурстары пайда болгон зонаны коргоодо кызматташууга чакырды.

Мамлекет башчысы глобалдык климаттын өзгөрүшү жыл сайын адамзат үчүн олуттуу коркунучка айланып бара жатканын баса белгиледи. Климаттын өзгөрүшүнүн криосферага болгон терс таасири өзгөчө тынчсызданууну жаратат.

«Кыргызстан – мөңгүнүн пайда болушуна ыңгайлуу климаттык шарттары катаал тоолуу өлкө болуп саналат, тоолор өлкөнүн аймагынын 94 пайызын ээлейт. Соңку 70 жылдын ичинде Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган. Кылымдын акырына карата биз мөңгүлөрдүн 80 пайыздан ашыгын жоготуп алышыбыз мүмкүн, ал эми анын ичинен ирилеринин өзүнчө бөлүктөргө талкаланышынан улам алардын саны 22 пайызга өстү.

Биздин мөңгүлөр өлкөбүз үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия аймагы үчүн, өзгөчө кургакчылык маалында таза суунун маанилүү булагы болуп саналат. Алардын ээриши бүтүндөй аймактын калкынын жашоосуна жана ишмердүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Тоолуу шарттарда климаттын өзгөрүшү бийиктик мүнөздөмөлөргө ээ экендигин түшүнүү зарыл. Кыргыз Республикасы бул чакырыктардын алдында аракетсиз турбайт», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ал Кыргызстан парниктик газдардын эмиссиясын азайтуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча чараларды активдүү ишке ашырып жатканын баса көрсөттү. Суу ресурстарына антропогендик таасирди азайтуу, суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу жана өлкөнүн калкынын таза сууга жетүүсүн камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Биздин стратегиябыздын маанилүү бөлүгү – бул аярлуу экосистемаларды коргоо жана мөңгүлөрүбүздү сактоо үчүн улуттук парктарды жана коруктарды түзүү.

«Биз ошондой эле илимий изилдөөлөргө инвестиция салабыз жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун эффективдүү стратегияларын иштеп чыгуу үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташабыз. Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо, анын ичинде аны «жашыл» экономика чөйрөсүндөгү долбоорлорго алмаштыруу механизмин колдоо демилгесин көтөрдүк.

Варианттар катары – биздин өлкөбүздө өнүктүрүү үчүн «жашыл» программалар жана долбоорлордун ордуна карызды жарым-жартылай жоюу же грантка айландыруу механизмдери камтылышы мүмкүн», - деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын бир катар эл аралык экологиялык демилгелерине жана аракеттерине токтолду. Анын ичинде: «Криосферанын досторунун тобу» демилгесине кошулуу, ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча эл аралык форумдарды өткөрүү; Бириккен Улуттар Уюмунда расмий эмес «Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун» түзүү; тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюцияларын кабыл алуу.

Президент иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, бүгүн кабыл ала турган саясий декларацияны толук колдой тургандыгын билдирди. Бул демилге мөңгүлөрдүн ээрүү көйгөйү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана аны изилдөө жана жаңы биргелешкен практикалык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эл аралык коомчулукту мобилизациялоодо маанилүү.

«Мөңгүлөрдү сактап калуу жолдорун издөө боюнча аракеттерибизди бириктирүүнү жана суу ресурстары пайда болгон зонаны коргоодо кызматташууну сунуштайм. Климаттын өзгөрүшүнө дуушар болгон өлкөлөрдүн реалдуу муктаждыктарына жооп берген каржылоонун деңгээлин кайра карап чыгуу жана олуттуу жогорулатууну зарыл деп эсептейм. Эл аралык коомчулуктун өз убагында жооп кайтаруусу жана биргелешкен системалуу иш-аракеттер аркылуу гана бүгүнкү күндө биздин алдыбызда турган бул глобалдык чакырыкты ийгиликтүү жеңе алабыз деп ишенем», - деп жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий