• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 13.12.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам Сауд өнүктүрүү фонду 15 млн АКШ доллары өлчөмүндө бере турган Кредиттик макулдашууну ратификациялайт.

Финансылык каражат жалпы узундугу 93 км болгон “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоорунун бөлүгүн каржылоого жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий