• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаровдун COP28дин жыйынтыгы боюнча билдирүүсү

Президент 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. COP28дин жыйынтыгы боюнча президент Садыр Жапаров билдирүү жасады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Кыргыз Республикасы Бириккен Араб Эмираттарынын төрагалыгы астында 2023-жылдын 30-ноябрынан 12-декабрына чейин Дубайда өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын (COP28) тарыхый жыйынтыктарын кубаттайт. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу келтирилген зыяндын жана жоготуулардын ордун толтуруу үчүн фонд түзүү чечимин өзгөчө белгилейбиз, бул климаттык чакырыктарга адилеттүү жооп кайтаруу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

Белгилей кетсек, конференцияда метандын чыгындыларын азайтуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын кубаттуулугун жогорулатуу, айыл чарбасына туруктуу тажрыйбаны интеграциялоо жана башка аракеттерди камтыган түрдүү тармактарда олуттуу жылыштар белгиленди. Кыргызстан үчүн “Тоолор жана климат” жаңы глобалдык диалогун ачуу боюнча биздин демилгебиздин консенсустук колдоосун алышы өзгөчө маанилүү.

Бул жаңы диалог - биздин чоң жеңишибиз. Ал тоо экосистемаларынын глобалдык климаттык системадагы өзгөчө ролун тааныйт. Талыкпаган эмгеги жана берилгендиги менен бул максатка жетүүгө жардам берген бардык дипломаттарга жана кызматкерлерге рахматымды айтам. Демилгени жана тилектештикти илгерилетүү боюнча биргелешкен иши үчүн тоолуу топтун катышуучу-өлкөлөрүнө өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем.

Бекитилген “Тоолор жана климат” диалогу БУУнун тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер планынын иш-чараларында өзгөчө орунду ээлеп, биздин мындан аркы ишибиздин негизин түзөт.

Азербайжанды кийинки COP29 конференциясын өткөрүү укугун жеңип алышы менен куттуктайм. Кыргызстан ар тараптан колдоо көрсөтүүгө жана Бакудагы конференцияга активдүү катышууга, биргелешип тоо күн тартибин сунуштоого жана алдыга жылдырууга даяр.

COP28ге төрага катары Бириккен Араб Эмираттарына жана конференциянын башка уюштуруучуларына конференциянын ийгиликтүү өтүшүнө кошкон салымдары үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем”.

Пикир

Оставить комментарий