• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР менен ИӨБ ортосундагы техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоору боюнча техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоору боюнча техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам Сауд өнүктүрүү фонду 50 млн АКШ доллары (38 392 000 ислам динары) өлчөмүндө бере турган Макулдашууларды ратификациялайт.

Финансылык каражат жалпы узундугу 93 км болгон “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоорунун бөлүгүн каржылоого жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий