• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жакынкы үч күндө абанын температурасы акырындык менен жогорулайт

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда жакынкы үч күндө абанын температурасы акырындык менен жогорулайт. Мындай маалыматты КР ӨКМге караштуу Кыргызгидрометеорология кызматынын адистери билдирди.

Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, түнкүсүн -14⁰ , -19⁰, күндүзү -0⁰, - 5⁰ суук болот.

Ал эми 18-декабрдан баштап күндүн температурасы күндүзү 0⁰тан жогору болушу күтүлүүдө. Адистер жалпысынан декабрда аба ырайы норманын чегинде болорун белгилешет.

Белгилей кетсек, өлкөдө акыркы күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөдү. Бишкекте 13-декабрга караган түнү -23,5⁰ суук катталганын өлкө синоптиктери айтып беришти. Ошондой эле алардын айтымында, Кыргызстан баюнча эң төмөнкү көрсөткүч Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер метеостанциясында -33⁰ жана Талас облусуннун Бакай-Ата районунда жайгашкан Кызыл-Адыр метеостанциясында -31⁰ди көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий