• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Ош облусуна республикалык бюджеттен 1,1 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын 11 айында Ош облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 1 млрд 172, 8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен бюджеттер аралык трансферттер:

- теңдөөчү трансферт – 845,3 млн сом;
- ыйгарым укуктарды берүүгө - 62,3 млн сом;
- электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына - 19,8 млн сом;
- башкы план - 55,3 млн сом;
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө (Памирлик кыргыздардын тамак-ашына) - 2 млн сом каралган;
- жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 54,7 млн сом;
- бирдиктүү салыктын ордун толтурууга - 96,6 млн сом;
- Алай району (Талды-Суу а/о) – 5,4 млн сом;
- Өзгөн району (Ак-Жар жана Ийри-Суу а/о) – 18,5 млн сом;
- Ноокат району Көк-Жар айыл өкмөтүнө (2023-жылдын 25-октябрындагы №651-т тескеме КМКР) - 3, 5 млн сом;
- Алай району Үчтөбө айыл өкмөтү (2023-жылдын 27-октябрындагы №656-т тескеме КМКР ) – 9,4 млн сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий