• 88.68
  • 95
  • 0.95

Байсалов Парижде өтүп жаткан ЭКӨУнун «Евразия жумалыгы» конференциясына катышууда

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.23./Кабар/. Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Парижде (Франция Республикасы) өтүп жаткан Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму (ЭКӨУ) өткөргөн «Евразия жумалыгы» конференциясына катышты.

Өз сөзүндө Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын учурдагы экономикалык ийгиликтери менен тааныштырып, дүйнөлүк экономикалык процесстердин алкагында келечекке стратегиялык багыттарды белгиледи.

«Кыргыз Республикасы келечекке ишеним менен карайт жана оптимизмге толгон. Республиканын жетекчилигинин коррупцияга каршы күрөштө жана туруктуу социалдык-экономикалык прогресске жетишүүдөгү ийгиликтери ЭКӨУга мүчө-өлкөлөр менен эл аралык кызматташтыкты чыңдоо үчүн жаңы горизонтторду ачат», - деп белгиледи Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, Евразия жумалыгы конференциясы Евразия чөлкөмүнүн жана ЭКӨУ өлкөлөрүнүн алдыңкы мамлекеттик кызматкерлерин, ошондой эле региондук атаандаштыкка жөндөмдүү жана экономикалык өнүгүүнү калыптандыруучу маселелер боюнча диалог кура алчуу уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн чогултту.

Ошондой эле конференциянын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары менен ЭКӨУнун Башкы катчысы Матиас Кормандын ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн маанилүү маселелерин, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен ЭКӨУ ортосундагы кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты.

Эдил Байсалов транспорт коридорлорун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстанды ЭКӨУнун активдүү колдоого алынган “ортоңку коридор” концепциясына киргизүү маселесин кароону сунуштады.

Өз кезегинде Матиас Корман Кыргызстандын демилгелерин колдоорун билдирип, ЭКӨУнун түрдүү программаларынын алкагында кызматташууну мындан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий