• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы V Эл аралык Ысык-Көл форуму өттү

Маданият 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жазуучунун атындагы V Эл аралык Ысык-Көл форуму өттү. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Күн мурун өткөн иш-чарага 500дөн ашык адам катышты.

Форум Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу астында Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, "Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму" коомдук бирикмеси жана Чыгыш менен Батыштын ортосундагы Анадолу маданий долбоорлорунун платформасы менен биргеликте уюштурулду. Долбоордун координатору - түрк маданият ишмери жана кинорежиссер Омер Эрдоган.

Форумдун негизги темалары түрк дүйнөсүнө тиешелүү биргелешкен долбоорлор жана сунуштар, ошондой эле түрк мамлекеттеринин 2040-жылга чейинки келечектеги максаттары болду.

Иш-чарага Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Н.Алпарслан, ТР Айлана-чөйрө, урбанизация жана климаттын өзгөрүшү министринин орун басары Р.Тузчуоглу, ТР Улуттук билим берүү министринин орун басары Н.Йылмаз, ТР Саламаттык сактоо министринин орун басары Ш.Биринжи, Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев, түрк саясатчы жана Түркиянын президенттигине экс-талапкер С.Оган, Анкара коомдук илимдер университетинин ректору профессор М.К.Арыжан, Түркия парламентинин депутаттары, министрлик жана ведомстволорунун, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана Түркияда жашаган мекендештер катышты.

Форумдун ачылыш аземи КР президенти Садыр Жапаровдун видеокайрылуусу менен башталды. Президент форумдун катышуучуларына жана уюштуруучуларына кайрылып, иш-чараны түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгында өткөрүлүп жаткандыгынын символикалуулугун белгиледи. Ал ошондой эле Ч.Айтматов тынчтыктын жана элдердин достугунун элчиси экендигин, өз мезгилинде дүйнөдөгү интеллектуалдардын башын кошкон Ысык-Көл форуму бүгүнкү күндө дагы дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам өз актуалдуулугун жоготпогонун белгиледи.

КР мамлекет башчысынын кайрылуусунун жыйынтыгында 5-Ысык-Көл форуму мурдагыдай эле саясий, интеллектуалдык, илимий чөйрөлөрдүн, маданият жана искусство өкүлдөрүнүн адамзаттын бир катар актуалдуу глобалдык көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулоо жана пикир алмашуу үчүн жолугушуу аянтчасы катары кайталангыс форумга айланат деген ишенимин билдирди.

Элчи Казакбаев ачылыш сөзүндө катышуучуларды түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракеси менен куттуктап, жазуучунун мааракеси Кыргызстан жана Түркияда гана эмес, башка өлкөлөрдө да кеңири белгиленип жатканын белгиледи. Ошондой эле элчи иш-чаранын уюштуруучуларына кыргыз улутун жана анын өзгөчөлүктөрүн бүткүл дүйнөгө тааныткан Ч.Айтматовдун маданий мурасын сактоо, изилдөө жана жайылтуу идеяларын жайылтууга жана колдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Форумдун соңунда КР президенти С.Жапаровго "5-Эл аралык Ысык-Көл форумунун ардактуу төрагасы" наамын ыйгаруу чечими жарыяланды.

Белгилей кетсек, форумдун экинчи этабы 2024-жылдын 8-10-июнунда Азербайжандын Баку шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий