• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 25.10.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги “Манас” жана Ч. Айтматов Улуттук академиясынын конференц-залында “Саякбай Каралаев эпикалык эс тутумдун генийи” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Иш-чарага КРнын президентинин кеңешчиси, эл жазуучусу Султан Раев, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков жана манасчы, жазуучулар катышууда.

Конференция улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына арналып, ага Германиянын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын илимпоздору жана манас таануучулары өз докладдарын жасашты. Кыргызстандын президентинин кеңешчиси, драматург Султан Раев “Манас” жана Ч. Айтматов Улуттук академиясынын ачылышынын себебине токтолду: ― Президент Сооронбай Жээнбеков Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференциянын ишине ийгилик каалайт. Президент “Манас” эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын терең изилдөө үчүн ушул академияны ачты. Бүгүнкү конференцияга келген чет элдик коноктор кош келдиңиздер. Академия кыргыз коомунда өзгөчө руханий жана интеллектуалдык борбору болуп жүрө берсин.

“Манас” жана Ч. Айтматов Улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиевдин айтымында, Саякбай Каралаев генийлер арасында үч жолку генийи болгон.

“Саякбай тууралуу мен күн-түн айтсам болот. Ал генийлер арасында 3 жолку генийи. Биринчи манас айтуу боюнча, экинчи манас аткарган чеберчилигинде жана 36-42 сап гана “Эр Төштүк” деген кыргыздын жомогун 16,5 миң сап дүйнөдө жок чыгарманы жараткан өзгөчө адам. Ал кыргыз үчүн, адамзат үчүн үлгү деп эсептейм. Себеби анын өмүрү да үлгү болгон. Анын жүрүш турушу, адептүүлүгү, күн-түнү менен жамгыр нөшөрлөп жаап жатса да жадабай Манас айткан улуу инсан", - деди.

Конференцияда манасчы Сапарбек Касмамбетов Саякбайдын “Манас” эпосунда кыргыздын баалуулуктарын чагылдырып турганын белгилеп кетти.

“Саякбайдын Манасы кыргыз үчүн чоң энциклопедия. Мунун тарбиялык мааниси өтө чоң. Башка манасчыларга салыштырмалуу салт санааны, үрп-адатты, кыргыздын дүйнөсүн камтыган чыгарма болуп эсептелинет. Башка манасчыларга дайыма үлгү, сабак берүүчү устат болуп келүүдө”, - дейт Касмамбетов.

Пикир

Оставить комментарий