• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ырчы-аткаруучулар жана комузчулар арасында республикалык сынак жарыяланат. Шарттары

Маданият 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Ырчы-аткаруучулар жана комузчулар арасында республикалык кароо-сынак жарыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөхз кызматынан кабарлашты.

Сынак табигый талант ээлери, эбегейсиз зор эмгектери менен элдин эсинде калган эл шайырлары, айтылуу Атай Огонбаевдин, Муса Баетовдун, Шекербек Шеркуловдун жана Калмурат Нурдөөлөт уулунун 120 жылдык мааракелерине арналган.

Башкы максаты - кыргыздын улуттук өнөрүнүн бүтүндөй бир доорунун куруучуларынын кийинки муун үчүн калтырган баа жеткис маданий мурастарын, өнөр баалуулуктарын барктап, аздектеп, таанытып-талдап, жайылтуу болуп саналат.

Ырчылар арасындагы сынакта жашы жана курамы чектелбейт. Сынак ырчы, аткаруучулар жана комузчулар арасында өтөт.

Кароо-сынак 3 баскычтын нгеизинде ишке ашат:

  • I баскыч - райондук деңгээлде (Кыргызстандын бардык шаардык жана райондук маданият үйлөрүндө 2023-жылдын 20-ноябрына чейин уюштурулуп, жеңүүчүлөр II баскычка жолдомо алат);
  • II баскыч - республикалык тандоо кароо-сынактын 2-туру облустук деңгээлде:

- Нарын, Ысык-Көл облусунун катышуучулары үчүн 2-тур — 2023-жылдын 22-ноябрында Балыкчы шаардык маданият үйүндө;

- Талас облусунун катышуучулары үчүн 2-тур — 2023-жылдын 24-ноябрында К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында;

- Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун катышуучулары үчүн 2-тур — 2023-жылдын 27-ноябрында Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында;

- Чүй облусу, Бишкек шаарынын катышуучулары үчүн 2-тур — 2023-жылдын 29-ноябрында К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында өткөрүлөт.

  • III баскыч – финалдык тур Бишкек шаарында 30-ноябрында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында өтөт.

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү жана өлкөнүн таанымал таланттарынын катышуусундагы Гала-концерт 1-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын кичи залында өтүп, жеңүүчүлөргө байгелүү сыйлыктар ыйгарылат.

Сынактын талаптары:

  • Катышуучу сынак тууралуу маалыматта белгиленген убакытта берилген даректер боюнча байланышып, бекитилген тартипте (паспорт) катталуусу зарыл;
  • Бардык баскычтагы жыйынтыктар атайын негизделген калыстар тобу тарабынан бекитилген протоколго ылайык иш алып барат;
  • Аткаруучулар жана комузчулар же чыгармачыл топтор сынактын жобосунда көрсөтүлгөн чыгармалар менен чектелүүсү шарт;
  • Аткаруучулар үчүн аталган авторлордун чыгармаларын аткарууда музыкалык жанр жана коштоодо чек каралбайт;
  • Сынактын катышуучуларынын аткаруучулук чеберчилигин, кийимин, сахна маданиятын жана кесипкөйлүүлүгүн баалоо критерийлери бардык баскычтар үчүн бирдей;
  • Берилген тизмедеги чыгармалардан тандоо шарты эркин;

Сынактын шарттары:

Ырчы-аткаруучулар үчүн:

  • I баскычта катышуучу же топ аталган авторлордун көрсөтүлгөн чыгармаларынан 2 (эки) чыгарма аткарып берет;
  • II баскычта катышуучу же топ аталган авторлордун көрсөтүлгөн чыгармаларынан 1 (бир) чыгарма аткарууга тийиш;
  • III баскыча көрсөтүлгөн чыгармаларынан 2 (эки) чыгарма аткарып берет.

Чыгармалар:

Атай Огонбаевдин: «Ой булбул», «Эсимде», «Гүл», «Жаштарга», «Күйдүм чок».

Муса Баетов: «Сагынам», «Кыздар ай», «Даанышман», «Ойгоном».

Шекербек Шеркуловдун: «Таласым», «Арзыкан», «Эсен бол».

Калмурат Нурдөөлөт уулу: «Калмураттын ыры».

Комузчулар үчүн:

Комузчулар арасындагы сынак 40 жашка чейинкилер, 60 жашка чейинкилер жана 60 жаштан жогоркулар болуп, 3 курактык чекке бөлүнөт.

  • I баскычта сынактын катышуучусу аталган авторлордун көрсөтүлгөн чыгармаларынан 2 (эки) чыгарма аткарат;
  • II баскычта катышуучу аталган авторлордун көрсөтүлгөн чыгармаларынан 1 (бир) чыгарма аткарууга тийиш;
  • III баскыча көрсөтүлгөн авторлордун көрсөтүлгөн чыгармаларынан 2 (эки) чыгарма аткарат;

Чыгармалар:

Атай Огонбаев: «Маш ботой», «Ак тамак, көк тамак», «Кыз кербез», «Маш камбаркан», «Саадак какты».

Шекербек Шеркулов: «Жүрөк толкуйт», «Эмгек бакыты», «Кыз кыял», «Жаштар маршы».

Сынактын катышуучусунун ар бир баскычта аткарган чыгармалары кайра кайталанбоосу шарт.

Байге фонду:

Ырчы- аткаруучулар арасында

  • I орун- диплом, акчалай сыйлык;
  • II орун- диплом, акчалай сыйлык;
  • III орун- диплом, акчалай сыйлык;

3 (үч) кызыктыруучу атайын акчалай сыйлык;

Комузчулар арасында (40 жашка чейинкилерге);

  • I орун- диплом, акчалай сыйлык;
  • II орун- диплом, акчалай сыйлык;
  • III орун- диплом, акчалай сыйлык;

60 жашка чейинкилерге ;

  • I орун - диплом, акчалай сыйлык;
  • II орун - диплом, акчалай сыйлык;
  • III орун - диплом, акчалай сыйлык;

60 жаштан жогоркуларга ;

  • I орун - диплом акчалай сыйлык;
  • II орун - диплом, акчалай сыйлык;
  • III орун - диплом, акчалай сыйлык;

Сынактын катышуучулары өздөрүнө тийиштүү бардык материалдык чыгымдарды өздөрү каржылайт.

Байланыш номерлери: 0500 02 09 64, 0701 00 55 00;

Пикир

Оставить комментарий