• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Улуу Британияда Кыргызстандан барган мигранттардын эмгек укуктарын коргоо боюнча долбоор даярдалууда

Коом 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Улуу Британияда Кыргызстандан барган мигранттардын эмгек укуктарын коргоо боюнча долбоор даярдалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулердин эки тараптуу жолугушуусунда айтылды.

Омбудсмен аппаратынан билдиришкендей, тараптар эл аралык укуктарга жана жалпы таанылган принциптерге ылайык, адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Акыйкатчы менен элчи Улуу Британиядагы КРнын жана КРдагы Улуу Британиянын жарандарынын укуктары бузулган учурларда ыкчам биргелешкен аракет кылуунун маанилүү экендигин белгилешти.

“Мен биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында адам укуктары жана эркиндиктери жаатындагы бийик максаттарга жетебиз деп ниеттенем. Азыркы учурда биздин көптөгөн жарандарыбыз Улуу Британияга мезгилдүү жумуш иштөөгө кетип жатышат. Алардын укуктарын коргоо - Акыйкатчы институтунун артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Дал ушул биргелешкен аракеттер Кыргызстандын жарандарынын укуктары бузулган учурда көмөк берет.

КРнын Акыйкатчы институту тарабынан өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн жарандардын укуктарын коргоо боюнча көптөгөн иштер жүргүзүлүүдө, башка өлкөлөрдүн укук коргоо институттары менен биргелешкен тапшырмаларды ыкчам чечиш үчүн кызматташтык чыңдалууда, анткени адам укуктарынын чек арасы болбойт эмеспи. Ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында Улуу Британиянын биздин Институт менен кызматташыгына ар дайым кубанычта болобуз”, - деп белгиледи акыйкатчы өз сөзүндө.

Николас Боулер Улуу Британияда Кыргызстандан барган мигранттардын эмгек укуктарын коргоо боюнча долбоор даярдалып жатканын билдирди.

“Биздин статистика боюнча, Улуу Британияда мезгилдүү жумуштар үчүн каралган баардык квоталардын 20 пайызы Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн берилет.

Эгер сандарга токтоло турган болсок, быйыл Кыргызстандын 8 миңден 10 миңге чейинки жарандары Улуу Британиянын азык-түлүк коопсуздугуна өз салымын кошо турган мезгилүү жумуштарда эмгектеништи. Улуу Британиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо абдан маанилүү. Бул схема так иштеш үчүн кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча долбоорду ишке киргизүү пландалууда”, - деп айтты элчи.

Тараптар аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча көптөгөн актуалдуу маселелерде өз ара түшүнүшүүгө жетишти.

Пикир

Оставить комментарий