• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Берлинде кыргыз-герман саясий консультациялары өттү

Саясат 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Күн мурун Берлинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Германиянын Тышкы иштер Федералдык министрлигинин ортосунда кезектеги саясий консультациялар өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз делегациясын КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, ал эми германдык делегацияны Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча ыйгарым укуктуу Маттиас Луттенберг жетектешти.

Саясий консультациялардын күн тартибинде саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле көп тараптуу кызматташуу, аймактык өз ара аракеттенүү маселелери жана актуалдуу эл аралык маселелер каралды.

Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев Кыргызстанда демократиялык жана укуктук мамлекетти мындан ары чыңдоо максатында жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык өнүгүү жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, ошондой өз ара кызыкчылык туудурган эле эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык спектрлери боюнча ийгиликтүү кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Айбек Молдогазиев өз ара сапарлар менен алмашуу жана түрдүү иш-чараларды уюштуруу аркылуу жогорку деңгээлдеги саясий диалогду улантуу зарылдыгын белгиледи.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Маттиас Луттенберг өз кезегинде Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыктын өнүгүшүнө канааттануусун билдирип, германдык тарап Кыргызстан менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Саясий консультациялардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү пикир алмашуулар болуп, аларды ишке ашыруу эки өлкөнүн мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнө түрткү берээри шексиз. Тараптар кийинки кыргыз-герман тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларын 2024-жылы Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий