• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакбаев “Италия – БА” кызматташтык форматындагы министрлердин жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-декабрында Ташкент шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев “Италия Республикасы – Борбордук Азия” кызматташтык форматындагы министрлердин экинчи жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР Тышкы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын негизги темалары региондогу актуалдуу чакырыктар жана окуялар, Борбордук Азиядагы жаңы мүмкүнчүлүктөр маселелери, Афганистандагы окуяларга басым жасоо менен регионалдык коопсуздук, эл аралык жана регионалдык экономикалык кызматташтык, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттар, ошондой эле Борбордук Азия менен Италия Республикасынын ортосундагы илимий кызматташтыты өнүктүрүү келечеги болду.

Сөзүнүн башында министр Р.Казакбаев Кыргызстанда 700дөн ашык эл аралык байкоочулардын катышуусунда парламенттик шайлоо ийгиликтүү өткөнү тууралуу маалымат берип, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Италия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган биргелешкен иш-чараларды уюштурууну сунуштады.

Министр өз сөзүндө ошондой эле климаттын өзгөрүшү: мөңгүлөрдү жана суу ресурстарынын азайышы, тынчсыздандырган уран калдык сактагычтар, тоо экосистемаларын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелерин көтөрдү. Бул контекстте 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы” деп жарыялоо жана 2027-жылы “Бишкек+25” Глобалдык тоо саммитин өткөрүү тууралуу кыргыз демилгелерине колдоо көрсөтүлөрүнө үмүттөнөрүн билдирди.

Министрлер жыйынынын катышуучулары Борбордук Азиядагы энергетика маселелерин талкуулашты. Министр Р.Казакбаев өлкөнүн суу-энергетика тармагына эффективдүү «жашыл» энергия технологияларын киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Кыргыз тарап Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы тууралуу маалымат берип, энергетикага түз инвестицияларды тартуу, ГЭСтерди куруу жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүнү сунуштады.

Соода-экономикалык байланыштарды жана аймактын транспорттук-транзиттик потенциалын чыңдоонун жана диверсификациялоонун маанилүүлүгүн белгилеген министр Р.Казакбаев “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Адамдык капиталды өнүктүрүү жана билим берүү системасын реформалоо жагынан кыргыз тарап Борбордук Азияда Европа университетин түзүүгө кызыкдар экени ырасталды.

Министрлер жолугушуусунун катышуучулары Афганистандагы кырдаалдын регионалдык кесепеттерине жалпы тынчсыздануусун өзүнчө билдиришти. Афганистан элине гуманитардык жардам көрсөтүүдө кызматташууну кеңйтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Министр Р.Казакбаев тарабынан Афганистандын жаңы бийликтери менен өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоодо конструктивдүү диалог куруунун жана өз ара аракеттенүүнүн максатка ылайыктуулугу баса белгиленди.

Мындан тышкары КР ТИМ башчысы кыргыз тарап биринчилерден болуп көп улуттуу Афганистандын элине, ошондой эле Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткиргендигин маалымдады. Ошондой эле Кыргызстандын өкмөтү тарабынан Афганистандын жарандары үчүн студенттик визаларды берүүнү улантуу чечими кабыл алынган.

Министрлердин жолугушуусунун жыйынтыгында катышуучулар эки тарапты өз ара кызыкчылык жараткан маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча өлкөлөр ортосунда туруктуу диалогду колдоо үчүн «Италия Республикасы – Борбордук Азия» форматынын келечегин жана маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий