• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Беларусь соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-мартында, Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Белорусь Республикасындагы элчиси Эрмек Ибраимов менен Белорусь Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министринин орун басары - ветеринардык жана азык-түлүктү көзөмөлдөө департаментинин директору Иван Смильгин жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолгушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун жана кыргыз-белорус Өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын Протоколунда жазылган иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча маселелер талкууланды.

Элчи Э. Ибраимов жаӊы технологиялардын негизинде малды идентификациялоо, көзөмөлдөө системасын түзүү жана иштетүү боюнча Белорусиянын бай тажрыйбасын эске алып, кыргыз адистерин ушул тармакта окутуу боюнча кыргыз тараптын сунушун билдирди.

Өз кезегинде И. Смильгин ветеринардык багытта кыргызстандык адистерди окутуп берүүгө жана тажрыйбалары менен бөлүшүүгө белорус тарап даяр экендигин белигледи.

Пикир

Оставить комментарий