• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

11-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас облусунда +24…+29, Баткен облусунда +30…+35 Ош, Жалал-Абад облустарында +30…+35, Ысык-Көл облусунда +24…+29, Нарын облусунда +24…+29 градус болору күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү жогорку температурасы +29…+31 жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы +35…+37 гарудска чейин жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий