• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Фучик көчөсүндө жаңы тротуар төшөлдү

Коом 0

Бишкек, 30.09.23. /Кабар/. Бишкектин Фучик көчөсүнн батыш тарабына Рыскулов көчөсүнөн Газпромдун кеңсесине чейин жаңы тротуар төшөлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 2300 метрге бордюрлар, сугат лотоктору орнотулуп, тротуарга ысык асфальт басылды. Бул аймакта кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер, курулуш аянтчасынын астына кулаган бак-дарактар болгон. Азыр тоскоолдуктар жоюлуп, иш 100 пайыз аяктады.

Ошондой эле Фучик көчөсү менен оорукананын негизги кире беришинен Москва көчөсүнө чейин батыш тарабында тротуар асфальтталды. Аталган аймакта эски асфальт алынып, бордюрлар орнотулуп, асфальт төшөлдү. Учурда ирригациялык системаны орнотуу иштери жүрүп жатат. Бардык иштер кыска мөөнөттө бүткөрүлөт.

Буга чейин Фучик көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин чыгыш тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктаган. Ошондой эле Фучик көчөсүндө аялдамаларды орнотуу, бордюрларды сырдоо, жаракаларды толтуруу иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий