• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМдин Ички аскерлеринде айымдар арасында волейбол боюнча турнир өттү

Коом 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 30-январында ИИМдин Ички аскерлеринде айымдардын курама командаларынын арасында "Ынтымак – 2021" аталыштагы волейбол боюнча турнир өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Спорттук таймашта "Идея", "Стелла", "Билим" спорттук клубдарынын жана Ички аскерлердин курама командалары беттешти.

Турнирдин жыйынтыгы менен "Мыкты коргоочу", "Мыкты байланыштыруучу", "Мыкты оюнчу" жана "Мыкты чабуулчу" номинацияларынын негизинде жогоруда көрсөтүлгөн командалардын арасынан мыкты оюнчулар тандалып алынды.

Командалык оюнда биринчиликти Ички аскерлердин курама командасы багындырса, экинчи орунга "Стелла" жана үчүнчү орунга "Билим" командасы ээ болушту.

Турнирдин аягында жеңүүчүлөр диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий