• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекке Мадоннанын хореографы келди

Коом 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров Fasion Concept Festival - заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун уюштуруучуларынын бири Жан Воинов жана иш-чаранын ардактуу чет элдик коноктору – иш-чаранын уюштуруучулары Канон Зузоа жана Мадоннанын хореографы Марвин Гофин менен жолугушту.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө уюштуруучулар ири иш-чараны өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн муниципалитетке ыраазычылык билдиришти.

25-июнда "Дордой Плаза" соода жана оюн-зоок борборунда өтө турган тандоо туруна КМШ өлкөлөрүнөн келген бардык каалоочулар катышат.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен Парижде өтүүчү Fasion Concept Festival фестивалында Кыргызстандын атынан чыга турган 2 күчтүү бийчи аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий