• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 14-декабрда эртең менен «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 120 троллейбусу, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын 450 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 336 кичи автобусу, "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсынын 101 жеке автобус жана «Аламүдүн автотранс» муниципалдык ишканасынын 5 автобусу каттамга чыгып, шаар тургундарын тейлөөдө.

Мындан тышкары, 544 кичи автобус каттамга чыкты.

Муниципалдык коомдук транспорттун иштөө убактысы аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калат.

Пикир

Оставить комментарий