• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Мусаева Пекин чет тилдер университетиндеги кыргыз тилин үйрөтүүчү борборго барды

Коом 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева Пекин Чет тилдер университетинин ректору Цзя Веньцзян менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин жана багыттарын талкуулашты.

Мусаева ошондой эле Пекин чет тилдер университетинде ачылган, кытайлык студенттерге кыргыз тилин үйрөтүүчү «Кыргызстан борборуна» барды.

Жолугушуунун алкагында элчи Мусаева Борборго белек катары Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу кыргыз жазуучуларынын кыргыз жана орус тилдериндеги китептер жыйнагын тартуулады.

Жолугушуунун алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгына, КР Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80-жылдыгына, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган фотокөргөзмө уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий