• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда үч айда дээрлик 70 миң баш уй жана кунажын жасалма уруктандырылды

Коом 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын үч айында 69 миң 281 баш уй жана кунажын жасалма уруктандыруудан өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 миң 196 башка көп уруктандырылды.

Республика боюнча 452 ири мүйүздүү малдарды жасалма жол менен уруктандыруу боюнча пункт ачылган. Учурда 223 жасалма уруктандыруу пункту иштеп жатат.

Белгилей кетсек, республиканын аймагында жасалма уруктандыруу пункттарды жогорку сапаттагы уруктук материалдар жана суюк азот менен «Элита» республикалык малдарды асылдандыруу станциясы, уруктук материалдар менен Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун алдындагы Биотехнология лабороториясы жана ЦАПС, «МИС-СҮТ», “Таурас-Генетик» ЖЧКлары жана жеке ишкер Р.Лулаков дистрибъютордук борборлору жогорку сапаттагы уруктук материалдар менен камсыздап келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий