• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депрессиядан чыгарышкан: Дүйнөдөгү эң чырайлуу бийкеч аталган Сания Шакирова тууралуу

Коом 0

Бишкек, 10.04.18. /Кабар/. Кыргызстандык Сания Шакирова Miss Universe – 2018 эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болуп, Missis World титулунун ээси болду. Ал бул жеңишке кантип жетти жана кандай кыйынчылыктардын өттү бул тууралуу “Кабар” агеттигинде өткөн маалымат жыйында коомдук ишмер, теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.

Иш-чаранын алып баруучусу Ассоль Молдокматова болгон.

Анын айтуусунда, сулуулук сынагы Вьетнамдын Камрань шаарында өтүп, ага 25 жаштан өйдө курактагы кыздар ат салышкан.

Шакирова билдиргендей, ал учурда 30 жашта, үч баланы тарбиялайт (эки кыз жана бир эркек), эң улуу кызы 12 жашта. Өзү жок болгон кезде балдарды ата-энеси карайт.

Теле алып баруучу маалымдагандай, сынакка чейин Шакирова баласынан айрылып, депрессияга түшүп калган. Анын абалын көрүп, коомдук ишмер аны Вячеслав Зайцевдин мода көргөзмөсүнө алып барган.

“Сания мени менен бирге учуп барды. Ал элдерди, Парижди көрдү. Ага болгону жашоо керемет экендигин түшүнүүсү керек болчу. Мен анын сулуугун көрүп, мындай келбет менен Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде таанытуу керектигин айттым”,-деп кошумчалады Молдокматова.

Өз кезегинде Шакирова теле алып баруучуга ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Шакирова 10 жыл аралыгында Москвада жашаган, өз эмгеги менен көп нерселерге жетишкен. Молдокматова билдиргендей, анын көз карандысыздыгы, максаттуулугу, алдыга болгон умтулуусу ар дайым аракетте болууга жана коюлган ой-максаттарына жетүүгө түрткү болгон.

Сулуулук жаатында 15 жылдан бери аралашып келет, бирок ал эч качан сахнага чыккан эмес. Бул биринчи жолу болгон. Маалым болгондой, сулуу айым кесиби боюнча юрист, бирок сулуулук боюнча жеке кеңешчи болуп иштейт. Ал Ольга Бузова, Ксения Бородина, Авраам Руссо сыяктуу белгилүү инсандар менен иштегенге жетишкен.

Россиядагы көп жылдык эмгегинен кийин ал мекенине кайтууну чечип, жеке бизнес ачууну чечкен. Бүгүнкү күндө анын сулуулук мектеби бар.

Молдокматова билдиргендей, кандай критерийлер боюнча сулууларды аныкташкан, булар “Визитка” (өзү жана өлкөсү тууралуу айтуп берүүсү керек), “Кече кийими”, “Таланттар сынагы” жана “Улуттук кийимдер”.

Белгилей кетүүчү жагдай, сулуулук сынагынын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүгө бир жылдык келишим сунушташкан жана “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаа, 5 миң долларга сертификат жана Венецияга жолдомо беришкен.

Пикир

Оставить комментарий