• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абаддын символикалык атрибуттарын түзүү сынагынын мөөнөтү узартылды

Аймак 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Буга чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустун символикалык атрибуттарын кайрадан түзүү боюнча сынак жарыялаган.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн атайын комиссиянын бешинчи отуруму өтүп, катышуучулар тарабынан келип түшкөн жалпы 15 сунуш каралды.

“Мындагы эмгектер комиссиянын купулуна толбогондуктан сынактын мөөнөтү узартылып, кемчиликтери белгиленип, толуктоого жиберилди”, - деп айтылат маалыматта.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө жалпы 200 миң сом (тууга, гербге, ураандын текстине, ураандын музыкасына 50 миң сомдон) акча каражаты бөлүнгөн.

Сурап билүү үчүн телефон.: (0770) 70-47-70.

Эскерте кетсек, облустун символикалык атрибуттары 1998-жылы кабыл алынган. Кийин алардын айрымдары саясий партиялардын эн белгилерине окшоп калгандыктан нааразычылыктар жаралып, колдонулбай калган.

Пикир

Оставить комментарий