• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте окуучулар Ала-Тоодон ааламга жол салган Айтматовдун туулган күнүн белгилешти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 14.12.23. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ташкент облусунун Бостандык районундагы №50 мектепте “Чыӊгыз Айтматов – кыргыз элинин залкар жазуучусу” аттуу адабий кече болуп өттү. Бул тууралуу “Кабар” агентигине аталган мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Данахан Мадбаева билдирди.

Анын айтымында, адабий кечеде Ала-Тоодон ааламга жол салган, дүйнөнү калеми менен багындырган, элибиздин сыймыгы болгон, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны, чыгармачылык жолу, мамлекеттик жана коомдук ишмерлиги кенен баяндалды.

“Кылымдын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов өзү өтсө да экинчи өмүрүн жашап жатат. Ал дүйнөгө Ала-Тоонун боорунда кичинекей ушундай улут бар, унгулуу, уюткусу бар касиеттүү эли бар, бул - кыргыз улуту деп таанытты. Элибиздин сыймыгы Чыңгыз агайыбыздын чыгармалары окуп, окуучулардын жүрөгүнөн түнөк таптырып, аларга жакшы таалим-тарбия берип, келечегибизге кенен жол табууга шыктандыруу түздөн-түз милдетибиз”, - деди Мадбаева.

Иш-чаранын алкагында “Манас” эпосунан үзүндү, Ч. Айтматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүш коюлуп, кыргыз бийлери жана ырларын камтыган чакан концерт программасы да тартууланды.

Эскерте кетсек, мектеп Ташкент облусундагы Бостандык районун тоолуу Тепар аттуу кыштагында жайгашкан. Кыштактын Тепар деп аталышын себеби уламыштарда айтылышынча, мурда бул жерде жашаган элдин жайлоосун башка эл келип, аларды уруп-согуп, көчүгүно тееп тартып алган экен. Ошондон улам, “тепки жей турган жер” деген сөз бара -бара өзбек тилинде “тепар” деп аталып калган экен.

Мектеп 2010-жылы Теке- Жаңгак айылындагы 46-мектептен өзүнчө мектеп болуп бөлүнүп чыккан. Жаңы мектеп 2015-жылы 80 балага ылайыкташтырылып салынган. Окуу толугу менен кыргыз тилинде алып барылат.

Тепар айылында кыргыз, казак, өзбек, тажик улуттарынын өкүлдөрү жашайт, алардын перзенттери да кыргыз тилинде окушат.

Учурда мектептин 100гө жакын окуучусу бар. Бул жерде 17 мугалим, 11 адис иштейт.

Айылда 100гө жакын түтүн, 900дөн ашуун калк жашайт. Алар негизинен чарбачылык, кол өнөрчүлүк менен алектенет.

Маектешибиз Данахан Мадбаева анжияндык кыргыздардан. 1991-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин филология факультетин аяктап, Андижан областы Жалакудук районундагы 29-мектепте көп жылдар бою кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеген дасыккан адис.

Өзбекстан президентинин тажрыйбалуу мугалимдерди алыс жерде жайгашкан мектептерге тартуу боюнча кабыл алган чечимине ылайык, Д. Мадбаева үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап ушул мектепте кыргыз тили жана адабиятынан сабак берип келет.

Пикир

Оставить комментарий