• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда боор жана бөйрөгүн алмаштырган 922 адам жашайт

Ден соолук 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда боор жана бөйрөгүн алмаштырган 922 адам жашайт. бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 595и бөйрөгүн, 324ү боорун алмаштыргандар.

Аймактар боюнча алганда: Бишкекте – 482, Чүй облусунда – 132, Талас облусунда – 39, Нарын облусунда – 27, Ысык-Көл облусунда – 45, жалал-Абад облусунда – 132, Баткен облусунда – 65.

"Белгилей кетүүчү жагдай, алмаштыруу учурларынын көпчүлүк себептери бейтаптын өз убагында дарыгерге кайрылбаганы болууда. Ооруну баштапкы стадиясында аныктоо жана дарылоо үчүн жылына жок дегенде бир жолу текшерүүдөн өтүп туруу зарыл", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий