• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баш оору, кургак жөтөл, кусуу, эстен тануу — иске уулануунун белгилери жана сактануу жолдору

Коом 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иске уулануунун белгилери жана сактануу жолдору тууралуу айтып берди.

Министрликтен белгилешкендей, уулуу көмүртек кычкылы (ис) түсү жана жыты жок. Аны менен уулануу өтө кооптуу. Уулануу абдан оңой жана ар кандай кырдаалдарда өтөт.

Адамдар унаадан чыккан газдан, турмуш-тиричилик газ буюмдарынын иштен чыгуусунан, мордун туура эмес түзүлүшүнөн өрттөн чыккан истен ууланышы мүмкүн.

Уулануунун негизги себеби – мештерди жылытуу эрежелеринин бузулушу, эшиги жакшы жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мордун туура эмес иштеши, ал тургай мештеги жаракалар да кайгылуу окуяга кептейт.

Адамдын организмине кирген көмүртек кычкылынын көлөмүнө жарша уулануун симптомдору бири-биринен кескин түрдө айырмаланат.

Уулануунун белгилери — баш ооруйт, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кургак жөтөл, кусуу, эстен тануу. Андан да кооптуусу — өлүм менен коштолуу.

Ууланган адамга жардам көрсөтүү кадамдары:

- таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү масканы колдонуу;

- бөлмөлөрдү желдетүү, терезе-эшиктерди ачуу;

- жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстугун, көйнөгүн чечүү), адамды капталынан жаткыруу;

- адамдын акыл-эси жайында болсо, таза абага тез арада чыгаруу, нашатырь спиртин жыттатуу, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылуу;

- жабырлануучу эс-учун жоготсо, “тез жардам” келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.

Пикир

Оставить комментарий