• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусуна 11 айда республикалык бюджеттен 689,5 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Чүй облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 689,5 млн сом каржыланды.

Анын ичинен :

Бюджеттер аралык трансферттер:

  1. Теңдөөчү трансферт – 293,7 млн сом;
  2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 44,3 млн сом;
  3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1,2 млн сом;
  4. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 113 млн сом;
  5. Бирдиктүү салык компенсациясына – 237,3 млн сом;

Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 238,1 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, Токмок шаарынын жылуугуна “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасынын жылуулука болгон карызын жабууга республикалык бюджеттен – 25,5 млн сом каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий