• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР СӨПтүн башчысы Темир Сариев Берлинде "Жашыл жумалыкка" катышты

Экономика 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) башчысы Темир Сариев Берлинде өтүп жаткан "Жашыл жумалыкка" катышты. Жыл сайын бул аянтчага Европа, Африка жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү чогулат. Бул тууралуу КР СӨПтүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жумалыкка катышуунун алкагында Темир Сариев Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен жолугушту.

КР СӨПтөн быйыл Кыргызстан белгилүү себептерден улам жумалыкка катышпай калгандыгын билдиришти.

"Жолугушууда Кыргызстандын келерки жылга катышуу пландары тууралуу макулдашууга жетишилди. Палатанын башчысы өлкөнүн экспорттук потенциалын илгерилетүү үчүн мындай иш-чараларга катышуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле, транзакцияларды талкуулоо үчүн банк жана каржы чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан жазгы бизнес-форум өткөрүү жөнүндө макулдашылды. Айрым аймактарда киргизилген санкцияларды эске алганда, сектордогу кыйынчылыктарды чечүү жолугушуунун негизги темаларынын бири болду. Ошондой эле ар кандай тармактарды камтыган бизнес-турларды көбөйтүү боюнча пландар да чагылдырылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий