• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда үч айда 1,4 млрд сомго 282 айыл чарба техникасы лизингге берилди

Экономика 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 1,4 млрд сомго 282 айыл чарба техникасы лизингге берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, техникаларды лизингге берүү башталган 2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 15 млрд сомго 6 196 даана техника дыйкандарга берилди.

Белгиленгендей, техникалар айылдык товар өндүрүүчүлөргө "Айыл Банк" ААК аркылуу берилет. Анда дыйкандар дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингге ала алышат.

Аталган долбоорго КР министрлер кабинетинин чечими менен "Айыл Банк" ААК оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий