• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы эки жылда ККМ аппараттары 6 миңден 65 миңге көбөйдү — Акылбек Жапаров

Экономика 0


Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы эки жылда көзөмөл-кассалык аппараты (ККМ) 6 миңден 65 миңге көбөйдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы соодагерлерде 6 миңге жакын ККМ болгон.

“Азыр алардын саны 65 миңге жетти. Туура жана таза иштесе, биринчиден, салык тарыхы болот, экинчиден, насыя алганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт, үчүнчүдөн түнкүсүн тынч уктайт. Азыр салыкты төлөш керек, өзгөчө колунда барлар”, - дейт ал.

Жапаров кошумчалагандай, бир тойкана жылына болгону 200 миң сом салык төлөсө, ККМ аппараттары киргизилгенден кийин 2 млн сомдун тегерегинде салык бере баштады.

Пикир

Оставить комментарий