• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аймактарды өнүктүрүү фонддору тарабынан сарпталган каражаттын натыйжалуулугун текшерүү тапшырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи орун басары Адылбек Касымалиевге аймактарды өнүктүрүү фонддору тарабынан сарпталган каражаттын натыйжалуулугун текшерип, баа берүүнү тапшырды.

“Өнүктүрүү фонддорунан каражаттар өнүктүрүүгө гана жумшалсын. Аймактардын башчылары каражатты пайдалуу иштерге жумшалышын контролго алгыла, багыт бергиле. Адылбек Алешович, сарпталган каражаттын эффективдүүлүгүн текшерип, баа бериңиздер”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 2023-жылы аймактарды өнүктүрүү фонддоруна жалпысынан 2,8 млрд сом бөлүнүп, анын 1,7 млрд сому жумшалган.

Пикир

Оставить комментарий