• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга 50 млн сомдук дары-дармек мыйзамсыз ташылып келе жаткан

Коом 0


Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Дары-дармектердин мыйзамсыз ташылып келүүсүнүн ири партиясына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жардамы менен эсепке алынбаган товарлар менен иштөө боюнча, республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында 18-январда "Ак-Тилек-унажолу" чек ара тилкесинде жүк ташуучу документтери ишенимсиз "Вольво" үлгүсүндөгү унаа кармалган, анда айыл чарба буюмдарына жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргызстандын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, баасы 50 млн сомдон ашык 450 ящиктен турган кымбат баалуу дары-дармектердин ири партиясы табылган.

Учурда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн фактыга башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий