• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектеп, бала бакча, маданият мекемеси. Баткенде былтыр 52 объект пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. 2023-жыл ичинде Баткен облусунда жалпы 52 обьект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, жыйын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Облуста жыл ичинде пайдаланууга берилген объекттер:

  • 21 мектеп;
  • 10 бала бакча;
  • 8 саламаттык сактоо мекемеси;
  • 6 таза суу объектиси;
  • 3 маданият мекемеси;
  • 4 турак үйдүн капиталдык оңдоп түзөөсү бүткөрүлдү.

Облус башчысы аталган иштерге жалпысынан 1 млрд 129 млн 500 миң сом акча каражаты сарпталгандыгын билдирди.

"Социалдык объектилерден сырткары, жол куруу багытында 48,2 километр жолго асфальт, 84 километр жолго шагыл төшөлүп, 734 млн 300 миң сомдук иштер аткарылды", - деп кошумчалады облус башчысы.


Белгилей кетсек, Бишкекте министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйыны өтүүдө.

Анын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери 2023-жылга жасаган иштери боюнча отчет берип, 2024-жылга карата иш-пландарын сунуштайт. Андан соң тренинг уюштурулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий