• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу маселеси каралды

Аймак 0

Бишкек, 13.01.24. /Кабар/. Нарын облусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук фактыларын алдын алуу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгунөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында президенттин өкүлүнүн орун басары Нурбек Сатаров тарабынан тиешелүү тармактын кызматкерлерине коомдук уюмдар менен бирге бирдиктүү иш алып барып, терс көрүнүштөрдү алдын алуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле өз деңгээлинде иш алып барбагандарга чара көрүлөөрү эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий