• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Доха ЭКСПО-2023" көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын экинчи павильону ачылды

Коом 0

Бишкек, 13.01.24. /Кабар/. Катарда өтүп жаткан "Доха ЭКСПО-2023" көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын экинчи “Жашыл чөл, эң жакшы айлана чөйрө” аталышында экинчи павильону ачылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, павильон 10-февралга чейин иштейт.

"Ал боз үйдүн формасында жасалып, улуттук баш кийим калпак жана салттуу шырдак килемдери менен кооздолуп, ичи ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кургатылган жемиштер, шире, бал, курут, ошондой эле колго жасалган самын жана башкалар менен толтурулган. Павильондо бир ай бою өтө турчу концерттик программа үчүн сахна орнотулган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, биринчи павильон үчүн жалпы аянты 900 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилген, анын ичинен 180 чарчы метри айыл чарба продукцияларын сатууга бөлүнгөн. Участоктун калган бөлүгү маданий жана улуттук аспектилерге ыктап, стилистикалык жасалгалоого арналган. Көргөзмөгө Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн 20дан ашык компаниясы катышууда.

Иш-чара өлкөнүн айыл чарба, инвестиция, экономикалык жана климаттык маселелерин илгерилетүү үчүн мыкты эл аралык аянтча катары каралат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Доха ЭКСПО 2023" "жашыл чөл, айлана-чөйрөнү жакшыртуу" боюнча өлкөнүн расмий өкүлү болуп саналат, министрдин орун басары Самат Насирдинов аталган иш-чаранын ыйгарым укуктуу Улуттук комиссары болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий