• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку соттун төрайымы: Соттор судьялык кесиптин оор жүгүн татыктуу аткарышы керек

Коом 0

Бишкек, 22.06.21./Кабар/. 21-июнда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Чүй областтык судьялар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сот реформасынын жүрүшү тууралуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйынга Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Таалай Мукалаев, «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар боюнча мекемесинин башкаруучусу Рустам Шабыев, ошондой эле министрлер кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурил Алымбаев, Чүй облусунун прокурору Алмаз Кыязов, Чүй облусунун ИИБнын башчысынын орун басары Азамат Савыралиев, Чүй облусунун УКМКнын башчысы Медербек Абдылдаевдер катышышты.

Жолугушууда соңку мыйзамдык өзгөртүүлөр, 7-июнда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөрүлгөн кеңешмеде коюлган милдеттенмелер, сот тутумунун ишиндеги санариптештирүү иш-аракеттери, кесипкөй кадрларды даярдоо маселелери талкууланды.

Төрайым судьяларды ишти кароодо сапатка өзгөчө маани берүүгө чакырды. “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын долбооруна ылайык, Соттор кеңешине судьялардын кесиптик ишмердигинин сапатына баа берүү ыйгарым укугу берилип жаткандыгын айтты.

"Бул деген ар бир судьянын караган иштеринин сапаты кылдат талданып, тийиштүү баа берилип турат дегенди түшүндүрөт. Азыркы учурда судьялардын ишинин сапатына жетишээрлик деңгээлде баа берилген жок. Төрайым судьяларды кийинки мөөнөткө дайындоо, ротация жана кызматка дайындоодо алардын ишмердүүлүгүнүн сапаты эске алына тургандыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

"Чечимдерди кабыл алууда сиздердин ишиңиздерге эч бир тарап кийлигишпөөсү керек. Жогорку сот, күч органдары, прокуратура, жергиликтүү бийлик — эч ким сиздердин чечимдерге кийлигише албайт. Сиздер мыйзамга гана баш ийишиңиздер керек. Президентибиз С. Жапаров да муну бир нече жолу айтты. Биздин негизги максатыбыз — көз карандысыз, адилет сот тутумуна жетишүү", — деп айтты Бакирова Чүй областтык судьяларга кайрылып.

Укуктук мамлекет курууда соттордун, коопсуздук органдарынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн бирдиктүү иш-аракети абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, төрайым судьялар ар намыс кодексин сакташы керек экенин, 24 саат бою жүрүм-туруму менен жарандарга үлгү болушу керектигин эскертти.

"Судьялар эл ичинде кынтыксыз абройго жетишүүсү керек. Ошондо гана сот тутумуна болгон коомдук ишенимди жогорулата алабыз", — деди төрайым.

Сотко келген тараптарга сылык мамиле кылуу менен ар бир сот кызматкер маданияттуулугун көрсөтүшү керектигин төрайым кошумчалады.

Чүй облусундагы соттордун ишти кароодогу сапаты боюнча төрайым ар бир райондук жана шаардык соттордун ишине токтолуп, соттордун көрсөткүчтөрү жана судьялардын жүктөмдөрүн белгиледи.

Ошондой эле төрайым судьяларга ишинде ийгиликтерди каалап, аткаруу тартиби менен бирге эле эмгек тартибин сактап, аппарат кызматкерлерин окутуу иштерин улантуу керек экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий