• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 02.11.18. / Кабар/. Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ашууда жеңил унаалар үчүн жол ачык.

Бишкек-Ош жолундагы (айрыкча 125-129 жана 133-136-чакырымдарында) Көк-Бел, Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында жана Суусамыр өрөөнүндө майда кар жаап, анын калыңдыгы 5-10 см болууда.

Төө-Ашууда жолду тазалоо кызматтары иштеп, туз, кум өз маалында чачылууда.

Учурда ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан жүк ташуучу ири унааларга чектөө киргизилген.

Андан тышкары желдетүү системаларындагы профилактикалык иштерге байланыштуу К.Көлбаев атындагы тоннель 2018-жылдын 26-октябрынан 4-ноябрына чейин маал-маалы менен жабык болот.

Тоннелдин иштөө тартиби:

08:00-09:30 сааттар арасында - оңдоо иштери (ЖАБЫК)

09:30-14:00 сааттар арасында - унааларды өткөрүү (АЧЫК)

14:00-15:30 сааттар арасында - оңдоо иштери (ЖАБЫК)

15:30-08:00 сааттар арасында - унааларды өткөрүү (АЧЫК)

Пикир

Оставить комментарий