• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Свердлов районунда Балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Күн мурун, 1-мартта Бишкектин Свердлов районунда Балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, комиссиянын отурумуна Свердлов райондук милициясынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы, Билим берүү борборунун башкы адиси, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери жана ошондой эле балдарды колдоо боюнча мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Бекитилген күн тартибине ылайык, комиссия 36 материалды карады, анын ичинде убактылуу мамлекеттик борборлого жайгаштыруу, мүлктүк мүнөздөгү маселелер, балдар арасындагы укук бузуулар каралды.

Бардык материалдар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынды жана Үй-бүлө менен жеке иштөө жана Баланы коргоо боюнча жеке иштөө пландары бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий